Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков иш сапары менен Ооганстанда болуп, Талибан өкмөтүнүн вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
17-декабрдагы сүйлөшүүдө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын, ошондой эле аны мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилешти.
“Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, ошондой эле банктык кызматташууну кеңейтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды билдирди”, - деп жазылган министрликтин маалыматында.
Мындан бир күн мурун Ооганстандын борбору Кабулда Кыргызстан соода үйү ачылган.
Кыргыз бийлиги Ооганстандын бийлигине келген “Талибан” менен кызматташууну жандантып, аларды таанып, алака түзүү сунушун эл аралык аянтчаларда да көтөрүп келатат.
Быйыл августта Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетинин аткаруучу Нуруддин Азизини Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алган.
Көп өтпөй, сентябрь айында президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан азыркы оор шартта ооган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүү, Ооганстандын экономикасын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо маанилүү деп эсептей турганын айткан.
Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.
Шерине