Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Одесса: Орусиянын соккусунан миңдеген киши жарыксыз калды


Одесса облусуна декабрдын башынан бери сокку урулуп келатат.
Одесса облусуна декабрдын башынан бери сокку урулуп келатат.

мазмуну

  • Дээрлик бир жумадан бери миңдеген киши электр жарыгысыз калган Одессада чукул кырдаал жарыяланды.
  • Декабрдын башынан бери орус аскерлери облусту дээрлик күн сайын аткылап келатат.
  • Жергиликтүү тургундар үйүн жылыта албай, жадагалса чай кайнатууга мүмкүнчүлүгү жок.

Киев жана Батыш жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.

Декабрдын ортосунда орус армиясы койгон жапырт чабуулдан кийин Одесса караңгыга батты. Украин куралдуу күчтөрү 12-13-декабрь күндөрү Орусия 465 дрон жана 30 ракета атканын билдирген. Бутага негизинен түштүк аймактар алынган.

Одесса шаарынын тургуну Надя Захарченко 13-декабрдагы окуяларды сүрөттөп, дагы жакшы, таза суу, пауэрбанктарды алдын ала камдап койгонун айтат. Жок дегенде улуу баласы менен үй тапшырмасын жасаганга жетишкен:

"Абдан коркунучтуу түн өткөрдүк. Дээрлик уктаган жокпуз. Балдар аябай коркту, аларды араңдан зорго соороттум. Эртең менен ойгонгондо свет, интернет, жылуулук жок экен".

43 жаштагы Алиса Григолия согуш башталгандан бери мынчалык коркпогонун, мындай катуу соккуларды мурда көрбөгөнүн айтат.

"Үйдөн тамак жасап же жылыта албайсың. Чай кайнатуу да мүмкүн эмес, электр энергиясы жок. Он биринчи кабатка көтөрүлүп-түшүү да өзүнчө түйшүк. Мүмкүн болгондо көчөдөгү кафеден чай менен сэндвич жеп атам. Чынында эле абдан кыйын болуп жатат. Бирок эптеп жашап атабыз".

Соккулардан кийин бөтөлкө, башка идишин көтөрүп алган шаардыктар суунун кезегинде турууга аргасыз болду.

Декабрдын башынан бери орус аскерлери Одессаны дээрлик күн сайын аткылап келатат.

Шаршембиде облуста энергетикалык системага болгон чабуулдардан улам мамлекеттик деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды.

Облус башчысы Олег Кипердин айтымында, мындай чечимди техногендик-экологиялык кырсыктар боюнча комиссия кабыл алды.

"Аймактагы 50 миңден көп тургун нормалдуу шарты жок жашап келатканына үч суткадан ашты", - деп белгиледи Кипер.

Ошол эле күнү эртең менен Украинанын энергетика министринин милдетин аткаруучу Артем Некрасов Одесса облусунда 32 миңдей абонент электр жарыгысыз калганын билдирген.

Анын айтымында, жапырт чабуулдан аймактагы энергетикалык объектилердин бир нечеси зыян тартты. Күн сайын орто эсеп менен алганда негизинен майданга жакын жерлерде 400 миңдей кардар жарыксыз калып жатат.

Украина: Орусия энергетикалык жайларды бутага алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00

Атап айтканда, "Укрэнерго" мамлекеттик компаниясынын жогорку чыңалуудагы бардык подстанциялары жана DTEK менчик компаниясынын энергияны бөлүштүргөн подстанциясы олуттуу зыян тартты.

Электр энергиясы, газ, таза суусуз калган тургундарга жардам берүү үчүн гуманитардык поезд тамак-аш таратып жатты.

59 жаштагы пенсионер Светлана Капшина аткылоолорго көнүп калышканын айтат:

"Орусиялыктар биз башыбыздан эмнелерди кечирип жатканыбызды эч качан түшүнбөйт. Аларда жарылуу болгондо паникага түшкөнүн социалдык тармактардан окуп калам. Бизди төрт жылдан бери бомбалап келатышат. Биз үйрөнүп калдык, сокку урулса, чогула калып, үйдөн чыгып кетебиз, анан эмне кылыш керек деп ойлонобуз".

Одесса шаарында трамвайлар да токтоп турат.

Өткөн ишембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын энергетика жана аскердик өнөр жай объектилерине каршы чабуул коюлганын билдирген.

Расмий Киев жана Батыштын айрым өкмөттөрү, эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Эмне дегенде жайкын тургундарга чоң кесепети тиет.

Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана аткылаганын айтып келет.

Бир катар эксперттер белгилегендей, эл аралык нормаларга ылайык, согуш маалында бутаны жана тактиканы тандаганда карапайым элге мүмкүн болушунча азыраак зыян тийгизүү эске алынышы керек.

Путин Европаны согуш менен коркутту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG