Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоодо депутаттар арасында кайым айтышуу болду. Депутат Элвира Сурабалдиева төрага Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, аны жана орун басарларын шайлоо “альтернативасыз өткөнүн” белгилеп, комитеттердин маселесине көңүл бурууга чакырды.
“Бүгүн комитет төрагаларынын орун басарларына шайлоо коюптурсуздар. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыгарбай, кечээки жолуңар менен альтернативасыз талапкерлерди белгилеп коюуңуздарды суранам. Сиз тигил жакта сүйлөшкөнчө бул жерде ызы-чуу болуп атат. Парламентте диктатура орнотом деген болсоңуздар, аягына чыгыңыздар”, - деди Сурабалдиева.
Ал парламент төрагасын жана орун басарларын, комитет төрагаларын шайлаганда “башка талапкер чыгартпаганын”, комитет төрага орун басарларын шайлоодо аймактык жана башка бөлүнүүчүлүк орун алып жатканын кошумчалады.
Төрага Тургунбек уулу Сурабалдиева эч кайсы депутаттык топко кирбегени үчүн бул маселеде акыркы чечим менен тааныш болбой калганын белгилеп, ар бир комитетке үчтөн гана талапкер көрсөтүлөрүн тактады.
“Бул жерде түндүк-түштүк деген маселе болбошу керек. Бул маселени көтөргөндүн өзүнүн жоопкерчилиги бар. Мындай сөздөр парламенттин трибунасынан эми айтылбашы керек. Бул жерде эч кандай бөлүнүү жок”, - деди төрага.
Депутаттар Үмбөталы Кыдыралиев менен Бурун Аманова да талкууга аралашып, аймактык бөлүнүү жок экенин белгилешти.
Депутат Жанарбек Акаев төрага жана анын орун басарларын шайлоодо эч кандай чектөө болбогонун, каалоосу барларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк болгонун тактады.
Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы 17-декабрда ант берип, ишин баштады. Ошол эле күнү парламент төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулун, анын биринчи орун басары кылып Чыңгыз Ажибаевди, орун басарлыкка Карим Ханжеза менен Жылдыз Таалайбек кызын шайлаган. Мындан тышкары сегиз комитеттин төрагаларын шайлоо өткөн.
Шерине